super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Коррупциянын сазайын берем, ким болсо да"(фоторепортаж)

 
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен.
Айыл-чарба техникалары 10 чарбага берилди.
10 чарбаны таарынычтар болбосун деп ЮСАИД өзү тандаган.
Тоют камдоо үчүн керек болгон айыл-чарба техникалары.
Жаңы, заманбап тракторлор.
Жаңы, заманбап айыл-чарба техникалары.
Айыл-чарба техникалары АКШнын колдоосу менен алынган
Алмазбек Атамбаевдин иш-чарада сүйлөп жаткан учуру.
Өлкө башчысынын чарба ээлерине сертификат тапшырып жаткан учуру
Иш-чаранын катышуучулары.

Бүгүн, 3-декабрда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен  400дөн ашык айыл чарба техникалары ээлерине тапшырылып берилди.  Салтанаттуу аземге  АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен дагы катышты. Жабдууларды тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Алмазбек Атамбаев айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

“Урматтуу мекендештер! Бүгүн абдан жакшы иш-чарада жолугуп жатабыз. 2011-жылы премьер-министр болуп турганда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча атайын токтом кабыл алганбыз. Анан АКШ өкмөтү колдоп, 7 миллион доллар бөлүнгөн. Азыркы берилип жаткан техникалар 10 чарбага берилип жатат. Аны Атамбаев же Өкмөт тандаган жок. Таарынычтар болбосун деп ЮСАИД өзү тандады”,- деди президент.

Ошондой эле өлкө башчысы коррупция менен күрөшүү бардык тармакта болушу керектигине токтолду.

“Баарынан дагы кары-картаңдарды, майыптарды тоногондор үчүн жол бууп, митинг өткөрүп жаткандарга таң каласың. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адам миллионер болушу мүмкүнбү?  Албетте, андай мүмкүн эмес. Ууруларды колдоп, баатыр кылып жаткан Кыргызстандын келечеги барбы? Албетте, жок. Ошондуктан ачык айтайын, мени 1 миллиондон ашык элим добуш берип шайлаган. Дагы 4 жылым калды. Бул жылдар аралыгында коррупциянын сазайын берем, ким болсо да. Мени 3 миң элди митингге алып чыгып коркутуу мүмкүн эмес. Мен Кудайдан гана корком. Мага мекеним жанымдан артык. Бейиштин төрүндөй болгон өлкөбүздө элибиз жакшы  жашаш керек. Кудай буюрса, ушул ууруларды ордуна коюп, алар бир жерин кысып калса, Кыргызстан бат эле  бутуна туруп кетет”,- дейт Алмазбек Атамбаев.






Атамбаев: Уурулардын заманы кайра келсинби?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: