Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ченемден тышкары ысыктан улам жарандарды сак болууга чакырды
22-25-июль күндөрү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 36…41°, Талас өрөөнүндө 34…39°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 37…42º, тоо этектеринде 34…39°, Суусамыр өрөөнүндө 27…32º, Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 24…29°, бийик тоолордо 14…19° градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.