super.kg logo

Нарында жарым жыл ичинде 132 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды

 

Нарын облусунун аймагында жарым жыл ичинде 132 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганы аныкталып, район башчыларынын орун басарлары жазаланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча облустун жергиликтүү райондук мамлекеттик администрацияларында текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

"Текшерүүдө облус аймагында 6 ай ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 132 факты катталып, анын ичинен 118 (89,4 %) учур аялдарга карата, 13 (9,8%) учур жашы жетелектерге карата жасалгандыгы аныкталды. Ачыктап көрсөткөндө, 64 (48,5%) физикалык зомбулук учуру катталса, 68 (51,5%) учур психологиялык жактан зомбулук жасалган", - деп жазылат маалыматта.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун пайда болушун алдын алуу үчүн райондук администрациялар тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлбөгөндүктөн район башчыларынын орун басарларына 10 миң сомдон айып пул салынганы айтылат.

Облустук прокуратура тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жана балдар менен иштөө, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка каршы туруу боюнча иш-чаралар күчөтүлөрү кабарланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: