Ооганстанда аткаминерлерди сынга алууга тыюу салынды
Ооганстанды көзөмөлдөгөн "Талибан" кыймылынын жогорку лидери Хайбатулла Ахунзада аткаминерлерди сынга алууга тыюу салган буйрук чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буйрукта тартип бузгандар жазага тартылары айтылган, бирок жаза чаралары каралган эмес.
"Ислам окууларына ылайык, аткаминерлерди негизсиз айыптоо жана аларды жалган (чындыктан алыс) шылтоолор менен сынга алууга жол берилбейт. Исламда ушак-айыңдарга орун жок. Анткени бул мусулмандар арасында жек көрүүчүлүктү пайда кылып, алардын ыйманын бузуп, аракеттерин алсыратат", - деп жазылгандыгы айтылат талибдер жарыялаган документте.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.