super.kg logo

"Женго" каймана аты менен таанылган кримтөбөл Кадыр Досоновдун иши кыскартылды

 

"Женго" каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновдун иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Облустук соттун билдиришинче Досоновдун иши эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен өндүрүштөн кыскартылган.

"Кадырбек Досоновдун аракетиндеги кылмыш куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. Бул боюнча Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш же даттануу түшкөн эмес. Кара-Суу райондук сотунун 2022-жылдын 14-июнундагы өкүмүнүн негизинде Кадырбек Досоновдун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 2022-жылдын 21-июлундагы өкүмүнүн негизинде, Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Өкүмгө нааразы тарапка Жогорку Сотко кассациялык тартипте даттануу укугу түшүндүрүлдү", - деп билдиришти Ош облустук сотунан.

2021-жылдын 10-февралында Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча "перехват” планы жарыяланган. Андан соң Кадыр Досонов Ошто УКМКга өзү келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: