super.kg logo
  Саясат  

Ош. Борбордук аянтта абакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары президент Алмазбек Атамбаевге жана өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жолдошту

 
Борбордук аянттын учурдагы абалынан бир көрүнүш
Штабга каалоочулар келип жазылып кетип жатышат
Штабга каалоочулар келип жазылып кетип жатышат
Абакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун коргоо комитетинин штабы
Борбордук аянттагы митингчилер
Орозо кармаган аялдардын кайрылуу каты
Митингди уюштуруу тобунун мүчөсү, "Кыргыз журтум" коомдук фондунун төрайымы Сапаргүл Бердалиева

20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары шаардагы борбордук аянтка курулган коргоо комитетинин штабында 20га чукул аялдар орозо кармоодо. Алар депутатты бошотуу талабы менен бийликке койгон 3 күндүк мөөнөттүн жыйынтыгын күтүшүүдө. Орозо кармаган аялдардын абалы менен таанышканы барганыбызда митингди уюштуруучулардын мүчөсү, "Кыргыз журтум" коомдук фондунун төрайымы Сапаргүл Бердалиева: "Бүгүндөн баштап орозо тутууну баштадык, сага орой болсо да айтайын, жөнөкөй эле ажатканабыз жок, орозо туткан аялдар да азыр көзүн көрүп тургандай жок, туш-тушка ажаткана издеп таркап кетишкен" -дейт. Мындан сырткары, мындагы орозо кармап отурган аялдар президент Алмазбек Атамбаевге жана өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жолдошту.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: