super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Чака-чайнегин тосуп күтүшүүдө". Таш-Дөбөдө тургундар таза суу жок кыйналып жатканын айтышты

 

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылынын тургундары кайрылышты.

Айтымдарында, Воронцовка айыл аймагынын Октябрьская, Школьная, Больничная көчөлөрү Таш-Дөбө айылында жашаган айыл тургундары таза суу жоктугунан кыйналышууда.

"Суусаган элдин үнүн угар бийлик тараптан адам жок. Бир нече күндөн бери сууга мол мекениңде сууга жетпеген карапайым айыл тургундарын ким угат?

Алты жылдан бери төрт миңге жакын тургун таза сууга зар болуп келишүүдө. Воронцовка айыл аймагында жалпысынан 11 скважина болсо, азыркы убакта такыр суу чыкпаган үч скважина, демек Воронцовка айылынын тең жарымынын көбү суу сатып алууга мажбур... Скважиналардын көбү оңдоп-түзөөгө такыр эле жарабай калган. Демек, жаңы казуу азыркынын талабы. Кыргызстан суунун мекени болуп туруп кичинекей айылды сууга зар кылганыбыз өтө кейиштүү абал. Бийлик тараптан жооп күткөн айылга жооп берет деген үмүт менен тургундар чака-чайнегин тосуп күтүшүүдө...", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: