super.kg logo

Бишкекте кечки сугат иштери күчөтүлдү

 

Ысык аба ырайына байланыштуу “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүндөгү, сейил бактар менен аянттарындагы жашыл аянтчаларды сугарууну күчөттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түштөн кийин борбор калаанын багбандары шлангдар менен сугарышып, суу ташыгычтардын жардамы менен жашыл жерлерди сугарып башташты. Сугат иштери кечки саат 18:00дөн түнкү саат 01:00гө чейин улантылды.

Автоматтык сугарууга “Тазалык” жана “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканаларынын 20дан ашык атайын техникалары тартылды.

Октябрь районунда күчөтүлгөн сугат иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлдү: Ынтымак сейил багында, Тунгуч кичи районундагы скверлерде, №6 кичи районунда, Көк-Жар конушундагы Ахунбаев көчөсүндө, А.Токомбаев, Сүйөркулов көчөлөрүнүн Ахунбаев көчөсү менен кесилишинде Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев, Масалиев, Сухэ-Батор-А.Токомбаев, 7-апрель-Л. Толстой, Куттубаев көчөлөрүнө чейин.

«Ынтымак-1» паркында сугат иштерине 4 даана атайын техника тартылды.

Биринчи май району боюнча: Боталиев көчөсүнүн боюндагы паркта, Профсоюз көчөсү Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин, Фучик көчөсү Рыскулов көчөсүнөн Аска-Таш комплексине чейин, Киев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, Токтогул көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, Абдрахманов көчөсү Медеров көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, Чүй проспектиси Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин.

Ленин району боюнча: Ахунбаев-Курчатов, Ахунбаев-Тыналиев, Гагарин көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар, Тыналиев көчөлөрүнө чейин.

Свердлов району боюнча: Театралдык скверинде, Свердлов акимиатында, Ибраимов-Бөкөнбаев көчөлөрүндө.

Бардык райондордо гүлзарлар да сугарылууда.

Эске салсак, ар бир суу ташыгычта 8000 литр суу бар жана бир түндө болжол менен 5-6 сапар жасайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: