super.kg logo
  Спорт  

"Бул силерге бала бакча эмес". Сочиде кызыксыз беттешип жаткан эки мушкер дисквалификацияланды (видео)

 

22-июль күнү Сочиде өткөн АСА уюмунун турниринин жарым финалында кызыксыз беттеш өткөргөн эки мушкер, тагыраагы Али Багов менен Рашид Магомедов дисквалификацияланды.

Жарым финалда кез келген эки мушкер ушунчалык кызыксыз беттешкен. Буга жинденген АСА уюмунун башчысы Майрбек Хасиев сегиз бурчтукка кирип, беттешти токтотуп, эки мушкерди дисквалификация кылды.

"Урматтуу достор, АСА лигасы бул бала бакча эмес, бул олуттуу лига. Азыр болсо силер эмнени көрсөтүп жатасыңар? Болду, дисквалификация, чыдамыбыз калбай калды. Бул эмне? Бул жерде силер балдарды кармап отурасыңарбы? Болду бошсуңар", - деди Майрбек Хасиев.

Кийинчерээк маалымат жыйынында Хасиев Багов менен Магомедов мындан ары беттештерге катышпай турганын билдирди.

Сочиде өткөн АСА турниринин башкы байгеси 1 миллион доллар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: