Белгилүү орусиялык балбан аскадан кулап кетип каза болду
Эркин күрөш боюнча Орусия чемпиондугунда коло байге уткан балбан Ахмед Жилетежев Кабардин-Балкариядагы Бука-Башы тоосуна чыгуу учурунда каза болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 19 жаштагы спортчу туристтер тобунун курамында Бука-Башы тоосуна 2500 метр бийиктикке чыккан. Анда ал тең салмактуулугун жоготуп, аскадан кулап кеткен. Куткаруучулар анын жансыз денесин табышкан.
Ахмед Жилетежев Кабардин-Балкарияга машыгуу лагерине келип, бош убактысында достору менен тоого чыгууну чечкен.
Ахмед Жилетежев ушул жылы Орусия чемпиондугунда 70 килограмм салмакта коло байгеге ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.