Бишкекте “Ааламды багынткан Айтматов” аттуу тегерек стол өтөт
Бишкек Гуманитардык
университетинде эртең, 4-декабрда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына
карата “Ааламды багынткан Айтматов” аттуу
тегерек стол өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Тегерек столго жазуучунун бир туугандары Ильгиз
Айтматов жана Роза Айтматова, режиссёр Бекболот Айдаралиев жана Чыңгыз
Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген окумуштуулар катышат. Катышуучулар “Ата-Бейит”
мемориалдык комплексине барып, Айтматовдун эстелигине гүл коюшат. Аталган
иш-чаранын алкагында Б.Айдаралиевдин жазуучу тууралуу “Менин сөзүм – менин жан
дүйнөм” аттуу тасмасынын бет ачары болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

