super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ноокенде паспорт столдо кезек күткөн тургун нааразычылыгын айтты

 

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун тургуну кайрылды. Окурман паспорт столундагы абал тууралуу айтып, ал жакка келген эл кезек күтүү менен убактысы кетип жатканын айтып даттанды.

"Жолдошум таңга маал саат 4тө паспорт столуна барып, 9-кезекке жазылыптыр. 7-кезекке келгенде электр жарыгы өчүп калыптыр. 17:00дө электр жарыгы күйөт, эртең келгиле дептир. Эми кайрадан кезекке туруу керек экен. Облус, район башчылары ушундай баш аламандыкты карабай кайда жүрүшөт?", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






паспорт столундагы абал

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: