super.kg logo

"Бомба" секириңиз дегенинен тартпа дегем". Балбак Түлөбаев көлдө талкуу жараткан видео боюнча үн катты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдө мончодон чыгып көлгө түшкөн видеосу боюнча үн катты.

Депутаттын айтымында, ал чыгып көлгө түшкөн жер иштебей калган сауна болгон.

"Өзүңүздөр билесиздер мен ар дайым коомго ачык жүрө берем. Менин мүнөзүм ушундай. Жакында эле Жети-Өгүз районун кыдырып бүткөм. Анан биздин фракциянын депутаттары жолугушуу үчүн "Costa-Bravа" пансионатына барганбыз. Ошол жерден көлгө түштүк. Ал жерде элдин баары бар болчу. Мен чет өлкөдө эс алган жерим жок, өзүмдүн Ысык-Көлүмдө эс алып жатам.

Ал жер кичинекей эле жер, мурда сауна экен. Анан ал жерге биз суу, сүлгүлөрүбүздү коюп койдук. Кичине жылытып коюптур, жылынып кайра чыгып аттык. Ал иштебеген сауна экен.

Ошол жердеги кичинекей балдар менден "Байке, сиз "бомбаны" мыкты секирет болушуңуз керек, "бомба" секирип бериңизчи" деп суранышкан. Анан мен макул болуп "Азыр "бомба" секирем, видеого тартпай турчу" деп тамашалап, маңдайымдагы жигитке айткам", - деди Түлөбаев.

Ошондой эле депутат көлгө түшүүнүн дагы өзүнүн адеби бар экенин кошумчалады.

Кечээ, 25-июлда социалдык тармакта депутат Балбак Түлөбаевдин мончодон чыгып көлгө түштү делген видеосу талкууга алынган.






Балбак Түлөбаев талкуу жараткан видеосу боюнча үн катты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: