super.kg logo

Ысык-Көлгө малдын канын, калдыктарын агызган касапкана аныкталды (фото)

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда көлдү булгап жаткан касапкана аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 25-июль күнү рейддин жүрүшүндө туристтик- экологиялык милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Ысык-Көл айылында жакында ачылган мал союучу жайдын талапка жооп бербегенин көрүшкөн. Аталган жайга текшерүү жүргүзгөндө калдыктардын бир бөлүгү союлган малдын каны түтүкчө аркылуу агын сууга агып, ал болсо Ысык-Көлгө кошуларын аныкташкан.

Аталган факты электрондук журналга катталып, мал союлуучу жайга тергөө-ыкчам тобу териштирүү иштерин жүргүзүүгө барган.

Касапкананын 32 жаштагы ээси С.Ж.нын айтымында, аталган жай болгону эки ай мурун ачылган. Негизинен өзүнүн малын союп, этин сатуу менен алектенет. Ал малдын кан-жини жана калдыктары үчүн атайын чуңкур жасалганын, бирок жакында суу көтөрүлгөндөн улам малдын кан-жини сууга агып кеткендигин түшүндүргөн.

Учурда Жети-Өгүз райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы текшерүү иштерин жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: