super.kg logo

"Кызматкерлерден акча талап кылган". "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору кармалды

 

Кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2022-жылдын 25-июлунда Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору С.Э.К. кармалган.

"Аталган мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан кол алдындагы кызматкерлерден акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталды. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө текшерүү органдарына өткөрүп берүү шылтоосу менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысынан дагы 3-6 миң сом мыйзамсыз кармап калуу фактысы документтештирилген", - деп билдиришти УКМКдан.

Алынган далилдердин негизинде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору С.Э.К. кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: