super.kg logo

"Баасы 5 миллион сомду түзөт". Өлкөгө мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан дары каражаттарына бөгөт коюлду

 

Кечээ, 25-июлда "Ак-Жол-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан өлкөгө мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан 11 миңден ашык таңгак дары каражатына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-июлда "Ак-Жол-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна 1987-жылы туулган Кыргыз жараны Б.Ш.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Казакстандан келген.

Чек арачылар унааны текшерүү учурунда Кореяда өндүрүлгөн 11 миң 196 таңгак Ginseng Kianpi pil, Samyun Wan, Montalin, Fatzorb, Black Panther жана Black Ant Kinc сыяктуу дары каражаттарын табышкан. Айдоочу Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз товар алып кирүүгө аракет кылган.

Текшерүү үчурунда товардын коштоочу документтери болгон эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, бөгөт коюлган жүктүн баасы 5 миллион сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу жана жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: