super.kg logo

Президенттер: Апасы, жолдошу, эки уулу жана инисинен ажыраган... Индиянын экинчи аял президенти Драупади Мурму тууралуу кызыктар

 

Индия калкынын саны боюнча Кытайдан кийинки эле экинчи мамлекет. Өлкөдө 1 миллиард 418 миллион 49 миңге жакын адам жашайт. Башкача айтканда, дүйнөдөгү жалпы адам санынын 17 пайызы бул өлкөгө туура келет.

Аталган мамлекет калкынын көптүгү менен эле эмес, башка дагы кызыктары менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет. Атап айтсак, эски доорлордо калыптанып калган жана бүгүнкү күндө да карапайым калк арасында уланып келе жаткан касталык түзүлүштөгү жашоо образы, адаттан тыш диний ырым-жырымдары, салт-санаалары менен дале болсо чет элдиктердин көңүл борборунда. Ошондой эле айрым тармактар боюнча дүйнөдө алдынкы орундарды камсыздап турган мамлекеттердин бири.

Президенттер рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында дал ушул Индия өлкөсүндө 25-июлда президент болуп шайланган Драупади Мурму тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун.

Индия эгемендүүлүгүн алгандан кийин төрөлгөн биринчи президент

Драупади Мурму 1958-жылы 20-июнда Индиянын Одиша штатындагы Байдапоши кыштагында айыл башчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын эң улуусу. Өзүнөн кичүү Бхагат Туду жана Сарани Туду аттуу эки иниси бар. Ата-энеси Индиянын тарыхында эң жакыр деген топтордун бири мунду уруусунун сантал тобунан болушкан. Атасы Биранчи Нараян Туду айылдагы фермалардын биринде кызматкер болгон.

Ысымы эпостогу каармандын урматына коюлган

Ата-энеси ага “Пути” деген ысымды берген. Бирок кийин мектептеги мугалими "Махабхарата" эпосунун башкы каарманы Драупади ханышанын атынан “Драупади” деген ысымды ыйгарган. Айрым маалыматтарга караганда, анын ысымы бир нече жолу өзгөртүлүп, “Дурпади”, “Дорпади” деп да аталып жүргөн.

Өз айылында окуу жайга тапшырган кыздардын алгачкысы болгон

Драупади Мурму жакшы бааларга толгон аттестатын жергиликтүү депутатка көрсөтүп, андан борбордо билим алуу үчүн окуу акысын төлөп берүүнү суранат. Ошентип ал Бхубанешвар шаарындагы Рамы Деви айымдар университетинин искусство бөлүмүнө өткөн. 1979-жылдан 1983-жылга чейин ал ирригация жана энергетика тармагында жардамчы, андан соң көп жыл мугалим болуп иштеген. Тагыраагы, хинди, одиа тилдеринен жана математика, географиядан сабак берген.

Биринчи аял губернатор

Драупадинин саясаттагы жолу 1997-жылы башталган. Бул жылы ал “Бхаратия жаната” партиясынын курамына кабыл алынып, ар түрдүү саясий иштерди алып бара баштаган. Ал Одишанын өкмөтүндө кеңешчи, андан соң 2000-2002-жылдары штаттын транспорт министри, 2004-жылдан 2006-жыга чейин балык жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү министри болуп эмгектенген. Ал эми 2009-жылга чейин мыйзам чыгаруу жыйынынын мүчөсү болгон. 2015-жылы Жаркханд штатында биринчи аял губернатор болуп шайланган. Ошентип ал 2021-жылга чейин губернаторлук кызматты аркалаган.

Индиянын экинчи аял президенти

2022-жылы өлкөдөгү президенттик шайлоодо "Бхаратия жаната" партиясынын атынан президенттикке талапкерлигин койгон. Анда Драупади жалпы шайлоочулардын 64 пайыз добушуна ээ болуп, муну менен ал өлкөнүн тарыхындагы экинчи аял президенти жана мамлекет башчылык кызматка жеткен биринчи уруу лидери болуп калды.

Үй-бүлөсү жана күйүт коштогон жылдар

64 жаштагы өлкө башчысы 1980-жылы банкир Шьяма Чарана Мурмуга турмушка чыккан. Жубайлар 2 уул, 1 кызды тарбиялаган. Кызы Итишри Мурму атасынын жолун улап, учурда банкир болуп эмгектенет. Бирок 2009-2015-жылдардын аралыгында Драупади оор турмушту башынан өткөргөн. 7 жыл ичинде ал жолдошу, апасы, эки уулу жана инисинен ажыраган. Күйөөсү жүрөгү токтоп каза болсо, уулдарынын бири жол кырсыктан улам көз жумган. Драупади Мурму оор күндөрүн эскерип жатып, анын мындай деп айтканы бар: “Уулумдун өлүмүнөн кийин мен толугу менен талкаланып, сынып калдым. Эки айга жакын депрессияда жүрдүм. Эл менен жолугушууну токтотуп, үйдө отурдум”, - деген ал. Мындай оор трагедиянын кесепетинен Драупади 7 жыл бою саясаттан тыш күн кечирген.

Жолдошу Шьяма Чарана Мурму

Драупади Мурмунун балдары

Кызы Итишри Мурму менен


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: