Жайылда 2 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам жаракат алды
Чүй облусунун Жайыл районунда 2 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 158-чакырымында Фольксваген үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаа менен Хюндай үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 7 адам ар кандай жаракат алышкан.
Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучулар тартылып жабыркагандарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.