super.kg logo

Супер фактылар: Тез татымдардын "падышасы" гамбургер тууралуу кызыктуу фактылар

 
Биз сүйүп жеген тез татымдардын "падышасы" гамбургер качан пайда болгонун билесизби же дүйнөдө гамбургерге арналган эстеликтер бар экенин уккансызбы? Гамбургер тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз.
  • Мындан 122 жыл мурун, 1900-жылы 27-июлда Луи Лессинг аттуу америкалык гастроном Коннектикут штатындагы өзү төрөлгөн Нью-Хейвен шаарында дүйнөдөгү биринчи гамбургерди саткан. Ал эки тоголок булочканын ортосуна немис бифштексин коюп, соус жана салат жалбырагын кошкон.
  • Гамбургерлер 1904-жылы Миссури штатынын Сент-Луис шаарында өткөн дүйнөлүк көргөзмөдөн соң калың элге аты тараган.
  • 1930-жылдардын башында Канзас шаарынын тургуну Уолтер Андерсон "White Castle Hamburger" деп аталган тез татымдар тармагын ачып, анын негизги тамагы гамбургер болгон.

  • Ал эми 1948-жылы бир туугандар Макдональд жана Рей Крок McDonald's тез татымдар тармагын ачышкан. Анын гамбургерлери учурда дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунда сатылууда.
  • Дүйнөдөгү эң чоң гамбургер - 2012-жылы АКШнын Миннесота штатында жасалган, анын салмагы 913 килограмм, диаметри 3 метрди түзгөн.
  • Гамбургерге арналган бул эстелик Кытайдын Шэнъянь шаарына 2015-жылы орнотулган. Салмагы 2 тоннаны, узундугу 10 метрди түзгөн эстелик шаардын борбордук бөлүгүн көрккө бөлөп турат.

27-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: