Ким Чен Ын Түндүк Корея АКШ менен салгылашууга толук даяр экенин жарыялады
Түндүк Корея АКШ менен салгылашууга толугу менен даяр. Бул тууралуу Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Корея согушунун (1950-1953) аяктаганынын 69 жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүндө айтканын чет элдик басылмалар жазышты.
"Мен дагы бир жолу ачык айтам, Түндүк Корея Америка Кошмо Штаттары менен ар кандай аскердик жаңжалдарга даяр", - деген Ким Чен Ын.
Ал ошондой эле Түштүк Корея Түндүк Кореяга кол салса жок кылынарын белгилеген.
"Эгерде Түштүк Кореянын режими бизге аскерий чабуул жасоону ойлошсо жана алар биздин аскердик күчүбүздүн бир бөлүгүн жок кылабыз деп ойлошсо, алар жаңылып жатышат", - деп кошумчалаган ал.
Корей согушунун аяктагандыгынын жылы Түндүк Кореянын улуттук майрамы болуп саналат. Корей жарым аралындагы салгылашуу 1950-жылы 25-июнда башталып, 1953-жылы 27-июлда аяктаган. АКШ башында турган 17 мамлекеттен турган коалиция Түштүк Корея тарапта болуп, Түндүк Корея менен согушкан.

