super.kg logo

Новосибирскте бычакталган 17 жаштагы кыз: Кыз менен жигиттин ортосундагы жаңы жагдайлар белгилүү болду

 

Орусиянын Новосибирск шаарында көчөдөн эле кызганычтан улам 17 жаштагы кызды бычактап салган жаран кыз менен бир жарым жылдан бери сүйлөшүп жүргөн. Бул тууралуу "Комосомольская правда" басылмасы ишенимдүү булактарына таянуу менен жазды.

27 жаштагы жигит каза болгон кыз менен таанышканда өзүнүн чыныгы атын айткан эмес. Ал өзүн Рома деп атап алган. Каза болгон кыз мектеп окуучусу болгон. Анын ата-энеси 10 жаш улуу жигит менен болгон мамилеси тууралуу билишкен. Ал тургай алар Тажик жаранына жергиликтүү супермаркетте жумушка орношууга жардам беришкен.

Ошондой эле кызды бычактаган жаран зордук-зомбулукка, ичимдикке жакын болгон. Тагыраагы, 2019-жылы декабрь айында ал мурдагы сүйлөшкөн кызына бычак менен кол салган. Бирок жаза мөөнөтүн толук өтөбөй эркиндикке чыгып кеткен.

Кырсык катталган күнү кыз жигити менен болгон мамилесине чекит коюу үчүн сүйлөшүүгө барган. Жыйынтыгында экөөнүн ортосунда чыр чыгып, ал кызды бычактаган.

Буга чейин социалдык тармактарда жигит кызды кубалап келип жыгып, андан кийин бычактап салганы көпчүлүктүн үрөйүн учурган. Кийинчерээк шектүү Тажикстандын жараны экени белгилүү болгон.






Новосибирскте Тажик жараны 17 жаштагы кызды бычактап салды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: