Кыргызстанда ЖККУнун атайын-тактикалык аскердик машыгуусу өтөт
Кыргызстанда 2-5-август күндөрү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн атайын тактикалык машыгуулары өтөт. Бул тууралуу уюмдун сайтына жарыяланды.
“Машыгуунун жүрүшүндө атайын багыттагы күчтөр, “бандиттик, террордук топторду издөө, бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү каналдарын жабуу жана сактоочу жайларды, лабораторияларды табуу боюнча окуу-практикалык жана ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат”, - деп айтылат маалыматта.
Машыгуулардын соңунда катышкан командалардын арасында куралдын ар кандай түрлөрүнөн ок атуу боюнча мелдештер уюштурулат.
Белгилей кетсек, ЖККУга Орусия, Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Армения өлкөлөрү кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.