super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "1500 сомдон суу сатып алганга чамасы жетпегендер айла жок арыктан суу ичебиз" дейт тургун

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылында эл таза суу жок кыйналууда. Аталган билдирүүнү окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

"Суу тараткан водовоздон 1500 сомдон суу куйдурганы чамасы жетпегени айла жок кичинекей арыктан суу ичкенге туура келет. Арыктын суусу ден соолук үчүн өтө кооптуу. Майлуу-Суу шаарынын уран кошулган суусу, жолдо бизге жетип келгенче бир топ булганат. Ошонун себебинен наристелер ооруга чалдыгышат", - дейт тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: