super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бостериде таштандылар көчө менен арыктарга туш келди ыргытылып жатат" дейт тургун

 

Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында таштандылар чар жайыт ыргытылат, атайын урналар коюлган эмес. Бул тууралуу окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө билдирди.

Айтымына караганда, "Тазалык" кызматы таштандыларды жумасына 1 жолу алып кетишет.

"Биз курорттук аймактын так ордосу болгон Бостери айылында турабыз. Айылдагы таштандыны жумасына бир гана жолу алышат. Көчөлөрдөгү таштандыларды айтпай эле коёлу. Жайкысын үйүнө киши киргизгендер арбын, ошого жараша таштандылар тим эле укмуш. Ушуга акимчилик, айыл өкмөтү чара көрүшсө болмок. Жок дегенде таштандыларды жайкысын жумасына 2 жолу алып кетишсе. Айыл боюнча бир дагы таштанды салган челек жок. Анан көчө менен арыктарга туш келди ыргытышат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: