Поезд келе жатканда рельсте уктап жаткан адамды куткарган кызматкер саат менен сыйланды





Бишкекте темир жолдо уктап калган жаранды поезддин астынан куткарып калган кызматкер саат менен сыйланды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Сыйлыкты башкармалыктын атынан Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын начальниги Алмазбек Исаков тапшырып, мындай жакшы көрүнүш кыргыз милициясынын кадыр-баркынын өсүшүнө жакшы өбөлгө болуп, жаш кызматкерлерге үлгү болорун белгилеп, мындан ары да кызматтык ийгиликтерге жетишине тилектеш экендигин билдирген.
Эскерте кетсек, бул кызматкер жанындагы өнөктөшү менен 24-июлда поезддин келүүсүнө карабай өз өмүрлөрүн тобокелчиликке салып, темир жолдо уктап калган жаранды куткарып калышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.