Москвада өрттөн сегиз мигрант каза болду



28-июль күнү кечинде Москванын Алма-Атинская көчөсүндө жайгашкан жатаканада чыккан өрттөн сегиз адам каза болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Басылмалар өздүк булактарына таянуу менен өрттөн каза болгондордун баары мигранттар экенин жазышты. Азыр каза болгондордун жарандыгы такталып жатат. Өрттөн бир адам куткарылып, 200 адам эвакуацияланган.
Өрт тууралуу маалымат жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:47де түшүп, саат 00:47де өчүрүлгөн. Ал эми өрттөн каза болгондордун баары бир бөлмөдө болгондугу кабарланды.
Өрттүн келип чыгышына электр тармактарынын авариялык абалы себеп болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.