Жекшемби күнү Оштун айрым аймактарында электр жарыгы берилбейт (Тизме)
31-июлда жана 1-августта Ош жана Баткен облусунун кээ бир аймактарында оңдоп-түзөө жана электр эсептегичтерди орнотуу жумуштарына байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт.
"Ош электр" ААКсынын маалыматына ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 08:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
31-июль:
Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк, Курбан-Кара, Кыдырша, Савай, Присавай айылдарында.
1-август:
Баткен районунун Бужум айылы, Баткен шаарынын Чет-Булак, Тулку-Таш, Тура-Таш кварталдарында.
Ош шаарынын Ак-Тилек, Черемушки кичи райондорунда, Моминов, Амир Тимур, Абдувалиев, Мирзаев, Юбилейная, Закиров, Абдыкадыров, Пролетарский, Пахта-Абад, Тоголок Молдо, Курчатов, Молдо Нияз, Санкт-Петербург, Степная, Алиев көчөлөрүндө, Дыйкан-Кыштак участкасында.
"Ош электр" ААКсы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.