Бишкектеги дары сактаган кампалардын бири күйүп кетти
Бишкектеги дары сактаган кампалардын бири күйүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов бүгүн, 4-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Гоголь көчөсүндө жайгашкан “Илай” ЖЧКнын дары сактаган кампасында өрт чыккан. Ал жакта өрт болуп жаткандыгы туурасында маалымат 18:43тө келип түшкөн. Тилсиз жоонун кесепетинен кампанын 10 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрт электр жабдууларын колдонуудагы техникалык эрежелердин бузулушунан улам келип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.