super.kg logo

Мылтык кокустан атылган. Таласта 11 жаштагы бала ок атуучу куралдан каза болду

 

Талас облусунун Манас районундагы Нылды айылында 11 жаштагы бала ок атуучу куралдан жаракат алып каза болду. Бул тууралуу облустук милицияга кайрылганыбызда билдирди.

Билдирүүгө таянсак, 28-июль күнү саат 11:00 чамасында Нылды айылынын 2011-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну ок атуучу куралдан жаракат алып каза болгондугу аныкталып, маалымат Манас РИИБинин маалыматтарды каттоо журналына катталган.

"Жеринде ыкчам тергөө тобу кароо жүргүзгөндө, анын денесинен жаракат издери аныкталган. Текшерүү учурунда аны атып алган баланын аты-жөнү такталды. Ал Манас районунун 2007-жылы туулган К.А. аттуу тургуну болгон.

Окуя боюнча тергөөдө керектүү кишилер суралып, ок атуучу куралды эч кимге айтпай ойноп алып чыгып, ошол жерде балдар менен жарышып баратып, эшектин үстүнөн колундагы мылтык кокустан атылып кеткенин билдирген.

Азыркы учурда аталган курал кимге таандык экендигин тактоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан кошумча иштер жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Манас РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: