Бишкекте аскер кызматкери баңгизатын сатууга шектелип кармалды





Коргоо министрлигинин аскер кызматкери баңгизатын сатуу жана колдонуу фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызматтын маалыматына таянсак, Коргоо министрлигинин белгилүү аскер кызматкери бир канча убакыттан бери Бишкек шаарынын жарандарына «гашиш» баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп келгени аныкталган.
Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Коргоо министрлигинин аскер кызматкери, кенже сержант Г.В.А. кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Бишкекте аскер кызматкери баңги затын сатууга шектелип кармалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.