Боомдо унаа жол бир тараптуу ачылды
Боом капчыгайындагы Балыкчы-Бишкек багытындагы унаа жол бир тараптуу ачылды. Бул туурасында Тарнспорт жана жолдор министрлигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, жол 7 жүктөгүч жана 2 грейдер техникасы менен тазаланууда.
Маалымат үчүн: Бүгүн саат 11:00 чамасында Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, кокту-колоттон түшкөн кум-шагыл (көлөмү такталууда) жолду бөгөп калган. Буга байланыштуу жол эки тараптуу жабылган. Ошондой эле унаа жол болжолдуу 18:00 чамасында ачылары маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.