Боомдо Бишкекти көздөй келе жаткан унаалардын узун кезеги жаралды
Боом капчыгайында селге байланыштуу жабылган унаа жолунда Ысык-Көлдөн Бишкекке бара жаткан багытта узун кезек жаралды. Бул тууралуу жеринде жүргөн кабарчыбыз билдирди.
Саат 20:50гө карата унаалардын тыгыны болжол менен 5 чакырымды түзөт.
Ал эми саат 18:20да унаа жол бир тараптуу ачылган.
Белгилей кетсек бүгүн саат 11:00 чамасында Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, кокту-колоттон түшкөн кум-шагыл жолду бөгөп калган. Буга байланыштуу жол эки тараптуу жабылган.
Видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.