super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Токтогулдагы негизги көчөдө иретсиз соода кылгандар элге тоскоолдук жаратууда" дейт окурман

 

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун тургуну кайрылды. Ал райондогу негизги көчөдө жөө адамдар үчүн жасалган бөлүгүндө иретсиз соода кылгандарга нааразычылыгын билдирди.

"Райондогу Абды Сүйөркулов атындагы негизги көчөнүн жөө адамдар үчүн жасалган бөлүгүндөгү мыйзамсыз соода жүргүзгөндөргө чара көрүүнү өтүнөбүз. Карапайым элдин жолдо жүрүүсүнө абдан тоскоолдук жаратып жатышат. Жөө адам басып өтүшү өтө оор. Мэрия, акимчилик эч кимиси карабайт", - деди окурман.

Ошондой эле ал урналардагы таштандылар өз убагында алынбай турганын, ысыктын күнүндө жагымсыз жыт чыгып жатканын кошумчалап өттү.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: