"Кампалардан сатып алса болот". "Кара-Кечеден" көмүр ташуу августта башталат
"Кара-Кечеден" көмүр ташуу иштери август айынан башталат. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынан билдиришти.Маалым болгондой, "Кара-Кечеден" жеке көмүр ташыган айдоочулар түндүк аймакка көмүрдү августтан тарта ташып баштайт. Ал калкка, Бишкек шаардык ЖЭБине берилет.
Учурда "Кара-Кече" көмүр кенинде 150 миң тонна көмүр ачылып, даяр турат.
"Көмүрдү өлкөнүн түндүгүндөгү кампалардан сатып алса болот. Учурда "Кыргыз көмүрдүн" кызматкерлери элди көмүр менен камсыз кылуу үчүн күнү-түнү иш-аракеттерди жүргүзүүдө", - дешти мекемеден.
Эске сала кетсек, Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн баасы 1450 сомду түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















