super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаарда санитардык абалды жакшыртуу боюнча рейддер жүрүүдө

 

Ош шаардык жетекчилик тарабынан түзүлгөн атайын ыкчам топ Ош шаарынын санитардык тазалыкты жакшыртуу боюнча иш-чараларды улантып, күндүзгү жана түнкү рейддерди түштүк калаанын бардык аймактык кеңештеринде жүргүзүүдө. Ыкчам топтун төрагасы Өмүрбек Эрнисовдун билдиргенине караганда, Курманжан датка жана Ленин көчөлөрүндөгү бир катар бизнес объектилерге, соода түйүндөрүнө карата  актылар түзүлдү. 

 Мындан сырткары, шаардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан “Лас-Вегас” түнкү клубу жана “Миллениум” сулуулук салону жолдун боюна таштанды таштап, ал эми “Тазалык”  муниципалдык мекемеси менен келишим түзгөн эмес. Учурда аталган ишканаларга “Тазалык” муниципалдык мекемеси тарабынан административдик жаза колдонулуп, келишим түзүлдү.

Эскерте кетсек, Ош шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн атайын ыкчам топ Ош шаарынын санитардык тазалыкты жакшыртуу боюнча күн сайын шаардын аймагында рейддерди өткөрүп,  эскертүүлөрдү берип, калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: