super.kg logo

Молдовановкада каза болгон 18 жаштагы жоокердин агасы: "Атам уулуна топурак сала алган жок"

 

29-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде каза болгон 18 жаштагы Калыс Абдыкабыловдун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу маркум жоокердин агасы Кайрат Турдубеков SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Инимди жерге берип отуруп калдык. Тилекке каршы, атам инимдин жаназасына келе албай калды. Атама жакын эң кичүү уулу болгондуктан абалы аябай жаман болуп жатат. Улуу агам ооруканага түштү. Абалыбыз азыркы учурда оор. Экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат дешти. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына аскердик бөлүктөн жооптуу адамдар келишкен жок. Болгону прокуратурадан келишти. Болгондо да жарандык кийим менен келишти", - деди агасы.

Толугу менен видеодон көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: