super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кечээ жааган мөндүр буудай, арпанын баарын талкалап кетти" дейт Түптүн тургуну

 

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында кечээ жаап өткөн мөндүр арпа, буудайды талкалап кетти. Мындай билдирүүнү окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

"Быйыл Айыл чарба министрлигинен буудай жана арпанын үрөнүн насыяга алганбыз. Буудайдын үрөнүн 1 килограммын 45 сом 30 тыйындан (жалпы 250 килограмм, 11 миң 325 сом), арпаныкын килограммын 53 сом 95 тыйындан (жалпы 500 килограмм, 26 миң 975) алганбыз. Жалпы 2 гектар жерге айдаганбыз. Кечээ жаап өткөн мөндүрдөн арпа, буудайдан эч нерсе калган жок. Министрликтен кайдайдыр бир жеңилдиктер болобу?", - деп суроо салды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: