Өткөн аптада 163 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа башкарганы аныкталды
Акыркы жумада республикада 16 миң 726 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында айтылат.
Билдирүүгө ылайык, анын ичинен ылдамдык чегинен ашып кеткен 3654 айдоочу аныкталды. Калгандары:
- тиешелүү документтери жок - 163;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 5438;
- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузган – 955;
- ээн баштык – 3;
- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 57;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбаган – 5295;
- айнектери караңгылатылган унааны башкарган -16;
- мас абалында унаа башкарган – 248;
- унаа токтотуучу жайга токтотулду – 948.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин бузбоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.