super.kg logo

Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды

 

Жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы Бишкектеги абакта киши колдуу каза болгон Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.

"СИЗО-1дин (Бишкек шаарындагы №21 мекеме) кызмат адамдарына келсек, материалдар атайын прокуратура тарабынан катталды. Тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет", - деп билдиришти Камолидинов.

Белгилей кетсек, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү камакта. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

30-июлда №21 мекемесинде Чыңгыз Жумагулов киши колдуу каза болгон. Андан соң ЖАМК окуя тууралуу билдирүү таратып, Дөө Чыңгызды камерада чогуу отурган адам жеке пикир келишпестиктен улам келип чыккан чырда өлтүргөнүн айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: