super.kg logo

Текшерүүгө келген Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басарын дүкөндөн чыгарып салышты (видео)

 

Бишкекеги Маевка айылында жайгашкан "Берёзка" дүкөнүнүн кызматкерлери дүкөндү текшерүүгө келген Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Акжолтой Тукуновдун кагаздарын алып, өзүн дүкөндөн чыгарып салышты. Мунун баары чиновник социалдык тармак аркылуу түз эфирге чыкканда болгон.

Акжолтой Тукунов дүкөндөгү айрым азык-түлүктөр, анын ичинде кумшекер кымбат экенин айтып, дүкөндүн администратору менен жолугууну көздөгөн. Бирок дүкөндүн кызматкелери анын күбөлүгүн тартып алып, аны эшикке чыгарып салышкан. Дүкөндүн кызматкерлери администратор менен байланыштырганда ал күндүз келүүсүн айткан.

Эске салсак, активист Акжолтой Тукунов Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп ушул жылдын июль айында дайындалган.






Акжолтой Тукуновду дүкөндөн чыгарып салышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: