super.kg logo

Кытай Тайванга байланыштуу АКШга дагы бир жолу эскертүү берди

 

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барат деген имиштер тарагандан кийин АКШга дагы бир ирет эскертүү берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Кытай бийлиги Пелосинин Тайванга келиши АКШга оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн экенин дагы бир жолу эскерткен.

"Кытай өзүнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн албетте чечкиндүү чараларды көрөт", - деп билдирүү тараткан Кытайдын Тышкы иштер министрлиги.

Буга чейин Global Times гезити Пелоси отурган учак техникалык мүчүлүштүк бар деген шылтоо менен же май куюу үчүн Тайванга конушу мүмкүн экенин жазган. Андан соң Тайвандагы журналист социалдык тармак аркылуу өзүнүн булактарына таянуу менен Нэнси Пелоси эртең, 2-августта Тайванга келерин билдирген. Азырынча Тайвандын Тышкы иштер министрлиги муну тастыктай элек.

29-июль күнү Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Тайванга байланыштуу чыңалуудан улам АКШ президенти Жо Байденге эскертүү берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: