Кыргызстан быйыл орусиялыктар үчүн эң популярдуу өлкө болуп табылды
Кыргызстан 2022-жылы орусиялыктар үчүн абдан популярдуу өлкө болду. Мындай маалыматты Tutu.ru саякат аналитикалык кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, саякат үчүн Кыргызстанды жүргүнчүлөрдүн 17,9 пайызы тандаган. Ал эми экинчи орунга Тажикстан жайгашты. Бул өлкөнү жүргүнчүлөрдүн 17,7 пайызы тандаган.
Кыргызстанга бир тараптуу учуунун баасы болжол менен 10 миң 500 рублди түзөт, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21 пайызга кымбат. Ошого карабай Кыргызстанды тандаган орусиялыктар көп болгон.
Tutu.ru саякат кызматынын маалыматы боюнча, эң популярдуу жакынкы чет өлкөлөр: Кыргызстан, Тажикстан, Армения, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан жана Беларусь.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.