Бишкекте көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө суу түтүкчөсү жарылды



Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Куйручук көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө суу түтүкчөсү жарылып, үйдүн алдындагы бөлмөлөргө суу толуп калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жерге куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп, тазалашты. Куткаруучулар шаар тургундарына өз убагында жардам көрсөтүп, түнкү саат 02:46га чейин иштешкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.