super.kg logo

Колдон-колго өтүп зордукталган 13 жашар кызга 760 миң сом чогулду. Каражат кайда жумшалат?

 

Колдон-колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кызга жардам берүү максатында каражат топтоо акциясында 763 миң 242 сом чогулду. Бул тууралуу акциянын демилгечилеринин бири, алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди.

“Сиздердин жардамыңыздар менен 763 миң 242 сом чогулду. Бул ишти “Оазис Кыргызстан” фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева өз көзөмөлүнө алып, жүргүзүп жатат. Кечээ күнү кыздын атасына 100 миң сом каражат берилди. Калган каражат атайын эсепке которулуп, кыздын билим алуусуна жумшалат”, - деп билдирди ал.

Буга чейин топтолуп жаткан каражаттан учурда турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнүн муктаждыктарына 50 миң сом, ошондой эле кыздын дарылануусуна 100 миң берилген эле.

Эске салсак, буга чейин 13 жаштагы кыздын зордуктоого кабылгандыгы боюнча кабар желдей тараган. Анда "Дордой" базарындагы кароолчу зордуктагандыгы айтылган.

Андан соң кыздын ата-энеси SUPER.KG порталына бул окуя тууралуу 13 жашар кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөндөрүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн баары тергөө абагына камалган. 8-июлда башталган соттук териштирүү жабык өтүүдө.






Эркин Рыскулбеков

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: