super.kg logo

Супер фактылар: Баары акчаны жакшы көрөт. Акча кимди жактырат?

 

Акча ким аны жакшы көрсө аны акча да жактырат. Акча - бул энергия жана ошого жараша мамиле кылуу керек. Адам акчасын обу жок коротуп, акылсыздык менен колдоно баштаганда, акча аны таштайт. Кээ бирөөлөр үчүн акча чөнтөгүн "күйгүзөт", алар андан тезирээк кутулууга аракет кылышат. Мындай адамдарда акча аз болот же такыр эле болбошу мүмкүн.

Акча төмөнкүдөй адамдарды жактырат:

1. Акча активдүү жүргөн, энергиялуу адамдарды жакшы көрөт;

2. Киреше менен чыгашасын эсепетегендерди;

3. Суткасына 24 саат иштеген эмес, башын иштеткендерди;

4. Акчанын барына канаат кылып, жок болсо кыжаалат болбогондорду;

5. План менен жашаган адамды;

6. Билимине, келечегине инвестиция жасагандарды;

7. Жаңы нерселерди өздөштүрүүгө аракет кылгандарды;

8. Чөйрөсүнө акылдуу адамдарды чогулта билген адамдарды;

9. Өз эмгегинин акысын талап кыла билгендерди;

10. Кайрымдуулукка акчасынын канча бир бөлүгүн бөлгөндөрдү.

Ал эми ушундай адамдарды жактырбайт:

1. Акчасы болсо обу жок чачкан адамдарды;

2. Акчаны жаман деп эсептегендерди;

3. "Арзандатуу", "сатып түгөтүү", "акция" сөздөрүнө тез арбалгандарды;

4. Ыңгайлуулуктун зонасына түшүп калгандарды;

5. Лотореяга үмүт кылып отургандарды;

6. Акчасы жоктугуна наалый бергендерди;

7. Кымбат, бирок сапатсыз жана керексиз буюмдарды ала бергендерди;

8. Көп акча тапса да ыраазы болбогондорду;

9. Мүмкүнчүлүктөрүн колдоно билбеген адамдарды;

10. Өзүнө ишенбегендерди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: