super.kg logo

Бишкекте унаалардын кыймылы үчүн 4 унаа жолу ачылды (фото)

 

Бишкекте унаалардын кыймылы үчүн 4 унаа жолу ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Тимур Фрунзе, Ашар, Интергельпо жана Манас көчөлөрү оңдолду.

Тимур Фрунзе көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин узундугу 846 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метр оңдолуп, жолдун эки тарабына туурасы 2,25 метр тротуарлар төшөлүп, ирригация курулду.

Ашар көчөсү Өмүр көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин узундугу 2,229 чакырым болгон тилкеде жол иштери жүргүзүлдү. Бул жерде жолдун жүрүүчү бөлүгүн 9 метрге чейин кеңейтүү, тротуарларды жана ирригациялык системаларды иретке келтирүү, жол белгилерин түшүрүү жана жол белгилерин орнотуу менен толук реконструкция жүргүзүлдү.

Ошондой эле Интергельпо көчөсү боюнча Кең-Суу көчөсүнөн Дэн Сяопин көчөсүнө чейин узундугу 594 метр болгон тилкеде жол иштери жүргүзүлдү. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 9 метрди түзүп, 2 тилкелүү болду, ошондой эле тротуар, жүрүүчү бөлүктүн эки тарабына суу өтүүчү арыктар казылган.

Манас көчөсү Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин реконструкцияланып, узундугу 856 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле жол 2 тилкелүү болуп, тротуарлары 1,5 метр жана суу өтүүчү арыктар каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: