super.kg logo

Ошто спорт шаарчасын куруу пландалууда

 

Ош шаарында спорт шаарчасы пайда болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Оштун мэри Алмаз Мамбетов “Алай” футбол клубунун машыгуу жана кичи футбол аянтчаларынын курулушу менен таанышкан.

Шаар башчысы жарыктандыруу системаларын уюштурууга өзгөчө көңүл буруп, асфальттоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тапшырмаларды берди. Мындан сырткары аймакта спорт зал, воркаут аянтчасын түзүү, үчүнчү кичи футбол аянтчасын куруу, спорттук кийимдерди жана спорттук тамак-аш дүкөндөрүн уюштуруу маселелери каралды”, - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан тийиштүү спорт шаарчасын түзүү, 300дөн ашык орундуу футбол академиясын ачуу максатында Сай-Бою көчөсүндө спорт инфраструктурасын өнүктүрүү пландалып жатканы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: