Кенжебек Бокоев, депутат: “Нарындын губернаторун иштен алды. Өкмөт башчы өзү каалаганын жасай береби?”
“Биз киришпесек, кадрдык дайындоолор боюнча премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзү каалаганын жасай береби?” деди депутат Кенжебек Бокоев парламенттин 4-декабрдагы жыйынында. Айтымында, өлкөдө кадрдык баш аламандык болууда.
“Жакшы иштеп жаткан Нарындын губернаторун бошотуп, ордуна Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп отурган КСДПнын өкүлүн дайындады. Өлкөдө кадрдык баш аламандык. Жакшы иштеп жаткан губернатор, акимдерди иштен алууда. Иштей албагандарын албайбы?”- деди Бокоев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

