super.kg logo

"Каркырада өткөн иш-чарага бюджеттен акча бөлүнгөн эмес". Облус бийлиги Равшан Жээнбековго жооп берди

 

Саясатчы Равшан Жээнбеков Ысык-Көлдүн Каркыра жайлоосунда өткөн иш-чара боюнча бийликти сарамжалдуу болууга чакырды. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

"Кыргызстан дүйнөдөгү эң жакыр, коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кирет. Дүйнөлүк Банктын айтуусу боюнча 58 пайыз элибиз жакырчылыкта жашайт. Мына ушундай өлкөдө белгилүү адамдардын тойлорун дүркүрөтүп өткөрүү, бюджеттин акчаларын кетирүү бул туура эмес. Бийлик, өкмөт жупуну жана сарамжалдуу болушу керек. Ушул кеткен акчаны балдардын билимдерине, жакыр үй-бүлөлөргө жана чет мамлекетке балдарыбызды окутсак жакшы болмок", - деди Жээнбеков.

Бул боюнча президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө иш-чарага жалпы канча суммадагы каражат кеткенин сурап байланышканыбызда төмөндөгүдөй жооп беришти.

"Иш-чара жеке жактардын, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун жана Эл артисти Советбек Жумадыловдун туугандарынын, айылдаштарынын жана жердештеринин колдоосу менен өткөрүлгөн. Бул мааракеге бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес. Президент Садыр Жапаров иш-чарага катышканын гана билдиребиз", - деп билдиришти президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 23-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: