super.kg logo

Ошто коомдук транспорттун бардык түрүнө спутниктик мониторинг системасы киргизилди

 

Ош шаарында коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө спутниктик мониторинг системасы киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 45 шаардык кичи автобустук каттамдарды тейлеген транспорттук ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасынын бет ачары болду.

"Бул системанын негизги максаты - шаардыктарга жана шаар конокторуна коомдук транспорт кызматтарын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана кичи автобустардын ишин көзөмөлдөө. Ар бир жүргүнчү OSHBUS мобилдик тиркемеси аркылуу өз сапарын пландай алат, анда бардык каттамдар жана кыймылдар онлайн көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, система жеке каттамдарды да, токтоо пункттарын да издөө мүмкүнчүлүгүнө ээ”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Bus Service GPS-көзөмөл системасы муниципалдык автобустарга жана троллейбустарга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: